Бишкекте жатаканадан өрт чыгып, 150 студент эвакуацияланды
Бишкектин Биринчи май районунда жайгашкан жатаканадан өрт чыккан. Бул тууралуу КР ӨКМден кабарлашты.
Кырсык 2-январда катталган. Жерине 1 автошаты, 5 күжүрмөн эсеп, штаб жана ККББдан ыкчам топ тартылган.
Окуя болгон жерден жалпысынан 150 студент эвакуацияланган.
Өрт саат 23:46 толугу менен өчүрүлдү, тилсиз жоонун аянты болжол менен 380 чарчы метрди түзөт.
Жабыркагандар жок.
