Садыр Жапаров жеке мектептердин ээлеринен кечирим сурады
Садыр Жапаров жеке мектептердин ээлеринен кечирим сурады. Мамлекет башчысы 6-февралда "Кабар" агенттигине берген маегинде айдоочулукка окутуу системасын стратегиялык маанидеги кадам деп атады.
"Жеке мектептерди жапканым үчүн ээлеринен дагы кечирим сурайм. Мен мунун баарын жеке кызыкчылыгым үчүн жасап жаткан жокмун. Келечек баарыбыздыкы. Силердики дагы. “Окуду” кылып справка берип, “өттү” кылып күбөлүк саткан кызматкердин жакын адамын ошол күбөлүк сатып алган айдоочу сүзүп өлтүрүп кеткен учурлар болду. Бул дагы болсо ошол күбөлүк саткан кызматкерге Кудайдын берген белгиси деп ойлойм. Ошондуктан башка бизнеске өткүлө", - деди.
Президент 10 айлык мөөнөт деле ойдон чыгарыла калган убакыт эместигин кыйытып, мында дүйнөлүк стандарттардагы окуу программалары эске алынгандыгын айтты.
"Дүйнөнүн көп эле өлкөлөрүндө 1 жылдан кем эмес окутушат экен. Биздин адистер окуу программаларды 10 айга ылайыкташты. Мен деле айтып атам: «Эгер мүмкүн болсо окуу программаларды кысып, мисалы жумасына 3 жолу 2 сааттан эмес, 5 жолу 2 сааттан окутуу жагын карап көргүлө» деп. Тагыраагы, биринчи күндөн бешинчи күнгө чейин.
Эң жакшысы азыр онлайн окуса да болот. Мектепке барбастан үйдө олтуруп алып эле онлайн сабакка катышса болот. Ансыз деле баарыбыз суткалап интернетте олтурабыз. Күнүгө 2 саат убактыбызды сабакка бөлүп койбойлубу? 10 ай тез эле өтөт", - деди ал.
Презилент 3,5 ай окуп экзаменден өтпөй жаткандардын саны 90 пайызга жеткендигин билдирди.
"Бул сан эми мындан ары дагы көбөйүшү мүмкүн. Анткени кечээ жакында «жасалма интеллект» системасын киргиздик. Робот экзамен ала баштады. Эми мындан ары адам фактору аралашпайт", - деди ал.
