Айыл башчыларына жаңы макам берүү сунушталууда – айлык акысы көбөйтүлөт жана расмий реестрге кирет
www
2 июнь

Айыл башчыларына жаңы макам берүү сунушталууда – айлык акысы көбөйтүлөт жана расмий реестрге кирет

Кыргызстанда айыл башчыларынын макамын өзгөртүү сунушталууда. Бул боюнча Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү башкаруу комитетинин жыйынында айтылды. 

Эми, мыйзам долбоору кабыл алынса, айыл башчылары азыркыдай кадимки эмгек келиши менен эмес, толук кандуу муниципалык кызмат катары иштеп калышат. 

Тиешелүү мыйзам долбоорунан белгилүү болгондой, макамдын өзгөрүшү айыл башчыларын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар расмий реестрине киргизет. Бул аларга бюджеттен толук кандуу айлык төлөөгө негиз болот. 

Мамлекеттик кызматтар жана жергиликтүү башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Эльчибек Жантаев айыл башчысы реестрге алдыңкы адис катары киргизилсе, анда кошумча 58 миллион, а эгер башкы адис катары киргизилсе, анда 130 миллион сом керек болоорун билдирди. 

Ошондой эле, анын айтымында, буга чейин айыл башчыларын квалификациясына карабай эле, жөн гана дайындап келишсе, мыйзам долбоору кабыл алынса, анда аларды дайындоо өзгөчө тартипте жүрө баштайт. 

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1 830 айыл бар жана анда 1090 айыл башчысы иштейт.