Баткенде мамлекеттик кызматкерлер кан тапшыра баштады
5 август

Баткенде мамлекеттик кызматкерлер кан тапшыра баштады

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактияр Токсонбаев баштаган өкүлдүн аппаратынын кызматкерлери Баткен облустук кан борборунда кан тапшырып, өлкөдө старт алган ыктыярдуу донорлук иш-чарасын баштап беришти. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. 

Бул акциянын негизги максаты – коомчулукта ыктыярдуу донорлукту жайылтуу, ооруканада дарыланып жаткан жарандарга жардам берүү жана мекенге кызмат кылуунун дагы бир үлгүсүн көрсөтүү болуп саналат.

Баткен облустук кан борборунун жетекчилиги мамлекеттик кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, мындай демилгелер кандын корун туруктуу кармоого жана өмүр сактоого чоң көмөк көрсөтөөрүн белгилешти.