Ош шаарында коомдук тамактануучу жайларындагы санитардык көзөмөл күчөтүлөт
Ош шаарынын мэриясында калктын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча координациялык комиссиянын жыйыны өттү.
Жыйында Ош шаарындагы коомдук тамактануучу жайларында тамак-аш коопсуздугу боюнча санитардык-эпидемиологиялык жана санитардык-гигиеналык талаптардын аткарылышы талкууланды.
Ошондой эле айрым жерлерде санитардык жана ветеринардык талаптардын жетиштүү деңгээлде сакталбай жатканы белгиленди.
Жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга коомдук тамактануучу жайларында санитардык талаптардын сакталышына туруктуу мониторинг жүргүзүү, мыйзам бузууларды четтетүү, ишкерлер арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана тамак-аш азыктарынын сапаты менен коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.
Мындан тышкары ишкерлерге санитардык-эпидемиологиялык, санитардык-ветеринардык жана техникалык талаптарды так сактоо милдети коюлду.
