Кыргызстанда бир жумада 424 мас айдоочу кармалды
Кыргызстандын аймагында 15нен 21-декабрга чейинки аралыкта 20 миң 295 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, анын ичинде:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 1 558;
- Мас абалында унаа башкаруу - 424;
- Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 135;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 565;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 2 980;
- Автоээнбаштык - 29;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 2 569;
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 4;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 8 312;
- Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 719 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
