Энергетика министри Сокулук РЭТнин күз-кыш мезгилине даярдыгын күтүүсүз барып текшерди
Энергетика министри Таалайбек Ибраев 1-октябрда Чүй электр тармактар ишканасынын Сокулук РЭТине күтүүсүз барып, алдыдагы 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин текшерди. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Текшерүүнүн жүрүшүндө министр Сокулук РЭТиндеги оңдоп-түзөө, реконструкциялоо жана учурда Сокулук району боюнча акылдуу эсептегичти орнотуу иштери менен жакындан таанышты.
Министр акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери белгиленген мөөнөттө тиешелүү көлөмдө аткарылбай жаткандыгын баса белгилеп, ушул жаатта ыкчам иш алып барууну Электр энергиясын сатуу кызматынын жетекчисине тапшырды.
Аны менен катар Сокулук РЭТинин жетекчисине бир ай аралыгында кызматкерлерди ишке өз убагында келип, кетүүсүн көзөмөлдөгөн турникет орнотууну, диспетчерчик кызматтын мнемосхемасын заманбап LED экранга алмаштырууну, электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча керектөөчүлөр менен тыгыз иш алып барууну жана оңдоп-түзөө иштерин өз убагында жана сапаттуу аткарууну, коопсуздук эрежелерин так сактоону, маселе менен кайрылган абоненттерге сылык мамиле жасоону тапшырды.
Мындан тышкары Сокулук РЭТинин эмгек жамааты менен жолугушуп, чечилбеген маселелер, аткарылып жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат алды. Анда энергетиктер атайын техниканын жетишсиздигин, айлык маянанын аздыгын билдиришти.
Министр айтылган сунуштарды угуп, кийинки жылы Чуй ЭТИге көбүрөөк атайын техника бөлүнөрүн айтып өттү. Аны менен катар кесипкөй адистерди тармакта кармап калуу үчүн жакынкы аралыкта айлык маяна көтөрүлөөрүн билдирди.
Белгилей кетсек, Энергетика министрлиги энергокомпанияларга жана мекемелерге алдыдагы 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин сапаттуу жана өз убагында жүргүзүү талабын койгон.
Коюлган талаптардын негизинде Сокулук РЭТинде төмөнкүдөй иштер аткарылды:
- 209 даана трансформатор капиталдык оңдоодон;
- 797 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү.
Мындан тышкары реконструкциялоо иштеринин алкагында:
- 20 даана жаңы трансформатор орнотулуп;
- 32 чакырым СИП кабелдери тартылды;
- 223 даана темир бетон мамыча орнотулуп;
- 14700 даана акылдуу эсептегичтер орнотулду.
