Бишкекте 11 автобустун каттамы өзгөрдү
22 декабрь

Бишкекте 11 автобустун каттамы өзгөрдү

22-декабрдан тарта Бишкекте Чүй проспектисинин Шопоков көчөсүнөн К. Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн ачылышына байланыштуу 11 автобустун каттамы өзгөрдү. Бул тууралуу Бишкек шардык мэриясынан билдиришти.

Бүгүндөн тарта №222, №216, №129, №169, №104, №227, №254, 135, №11, №152, №25 автобустардын кыймыл чиймелерине жарым-жартылай өзгөртүүлөр киргизилди, ал эми кээ бир каттамдар мурунку багыттарына кайтарылды.

Мэрия жүргүнчүлөрдү жаңы кыймыл чиймелерин эске алууну суранат.