Минскте КМШ жана ЕАЭБ жаштарынын III форуму өтүүдө
2 октябрь

Минскте КМШ жана ЕАЭБ жаштарынын III форуму өтүүдө

Минск шаарында 1-3-октябрда КМШ жана ЕАЭБ жаштарынын III форуму өтүүдө. Алгачкы эки форум 2022 жана 2023-жылдары Чолпон-Ата менен Сочиде өткөн.

Форумдун максаты — Евразиядагы интеграция маселелерине жаштарды тартуу, болочок башкаруучу кадрлардын ортосундагы байланышты чыңдоо, биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу.

Жаштар форумдары 2020-жылдын 29-майындагы КМШ Өкмөт башчылар кеңешинин чечими менен бекитилген КМШга мүчө мамлекеттердин 2021-2030-жылдарга эл аралык жаштар кызматташтыгынын Стратегиясынын негизинде уюштурулууда.

КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук каада-салттарынын элементтерин камтыган гала-кабыл алуу пландаштырылууда.