Төрага Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин Аппараты менен жыйын өткөрдү
22 декабрь

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин Аппараты менен жыйын өткөрдү

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн, 22-декабрда парламенттин Аппаратынын жетекчилери жана бөлүмдөрдүн башчылары менен жыйын өткөрдү.

Жыйынга төраганын орун басарлары Чыңгыз Ажибаев, Жылдыз Таалайбек кызы жана Карим Ханджеза да катышты.

Алгач төрага жаңы дайындалган Аппараттын жетекчилерине Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын ишин жаңы багытта, жаңы шартта жүргүзүү талабын койду.

“Парламенттин иши Аппараттын кызматына түздөн-түз көз каранды. Андыктан, ар бир бөлүм өзүнө жүктөлгөн жоопкерчиликти түшүнүп, белгиленген милдеттерин так аткарышы керек”,– деди ал. 

Ошондой эле Нурланбек Тургунбек уулу тармактык комитеттердин ишин күчтөндүрүү зарылчылыгына токтолду. 

“Иштин натыйжалуулугун арттыруу үчүн мыйзам долбоорлоруна байланышкан талкуулар чоң жыйында эмес, тармактык комитеттерде болушу керек. Депутаттар сунуштарын комитеттин отурумунда берип, ошол жактан мыйзамдар толук ийленип, иштелип чыкканда гана иштин сапатын көтөрүүгө болот. Андыктан, комитеттердин бөлүмдөрү тийиштүү документтерди сапаттуу түрдө, өз убагында даярдап берип турушу шарт”, – деди төрага.