“2-3 күн анализ тапшыргыча ооруп жаткан адам каза болуп калууда”, – президентке ооруканалардагы көйгөй жеткирилди
Кыргызстанда ветеринардык тармак өтө начар абалда, ал эми саламаттыкты сактоо тармагы өзгөртүүлөргө муктаж. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Нарын районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда жергиликтүү тургун Мамбеткадыр Мотушев билдирди.
Ошондой эле тургун райондук ооруканага убагында жатып, медициналык жардам алуу кыйын экенин айтты.
“Ооруп жаткан адам 2-3 күндөп анализ тапшырып темселеп жүрөт. Биринчи адамды жаткырып, анан анализ ала берсе болбойбу. Эки жыл мурда бир тааныштарыбыз ооруканага жата албай, анан тааныштарыма барайын деп Бишкекке кетип жаткан жолдо каза болду”, – деди ал.
Саламаттыкты сактоо министри тармакты оптимизациялоо жүрүп жатканын билдирип, ошол эле учурда өз ден соолугуна кайдыгер мамиле жасаган адамдарды да айыптады.
“Анализ албай туруп врач ооруканага жаткыра албайт. Бир нече анализдер мамлекеттик кепилдик менен элге акысыз жасалат. Эгерде жаран өзүнө караштуу ФАП же Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна барып, жылына бир жолу текшерүүдөн өтүп турса, ден соолугунда кандайдыр бир көйгөйлөр байкалаары менен дарыгеринин жолдомосу, анализдеринин жыйынтыгы менен ооруканага келип, дароо жата алат”, – деди.
Президент саламаттыкты сактоо системасында маселелер көп экенин белгиледи.
“Санариптештирүүнү жүргүзүп жатабыз. Адылбек Касымалиевди бул тармакка байлап бергем, жеке көзөмөлүнө алган. Башка жакты кое туруп, ушул тармакка реформа кылып бериңиз дегем. Кудай буйруса, 4-5 жылда өнүгөт. Бул өтө кыска мөөнөт. Мен 2020-жылы бийликке келгенимди бүт кагаздар менен иштешчү. 4 жыл дегенде араң электрондук өкмөткө өтүп бүттүк. Мурда жарлык же токтом чыгарам десем, 14 министрликтин кароосунан өтүп келгиче аз дегенде 15 күн, болбосо бир ай кетчү. Азыр эртең менен жөнөтүп койсоң, кечинде даяр болот. Медицинаны да ушуга алып келебиз”, – деди Садыр Жапаров.
