ЖАМКнын кызматкери «Мугалим чокусун» багындырды
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №16 мекемесинин режим жана көзөмөл бөлүмүнүн контролёру, ички кызматтын сержанты Жаныбек уулу Токторбай деңиз деңгээлинен 4500 метр бийиктикте жайгашкан «Мугалим чокусун» ийгиликтүү багындырды.
Бул чокуга чыгуу жогорку физикалык даярдыкты, чыдамкайлыкты жана бекем эркти талап кылды. Татаал аба ырайы шарттарына жана тоо шартындагы абанын суюктугуна карабастан, Токторбай чокуга ишенимдүү жетип, максатка умтулуучулук менен ички тартиптин үлгүсүн көрсөттү.
Бул жетишкендик сержанттын жеке ийгилиги гана болбостон, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери активдүү жана сергек жашоо образын карманып, өздөрүн кесиптик ишмердүүлүктөн тышкары да татыктуу көрсөтүп келе жаткандыгын айгинелейт.
