Лейлек районундагы Кара-Мойнок суу сактагычы тазаланат
6 февраль

Лейлек районундагы Кара-Мойнок суу сактагычы тазаланат

Лейлек районунун Лейлек айылындагы Кара-Мойнок мезгилдүү жөнгө салуучу бассейни тазаланат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагны өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, облус башчысынын орун басары Абдирашит Ташбалтаев суу сактагычтын абалы менен жеринде таанышкан. 

Жалпы сыйымдуулугу 500 куб болгон ирригациялык объект, үч айылдын жалпы 264 гектар сугат жерлерине суу жетет.

Быйылкы жылы суу сактагычты сел сууларынан сактоо үчүн сел кетүүчү инженердик курулмалар курулган.

Жетекчилер суу сактагычтын суусунун көлөмүн көбөйтүү үчүн, август айында сугат суу берүү токтогон мезгилде, тазалоо иштерин жүргүзүү жана инженердик суу тосмолорду оңдоо зарылдыгын белгилеп, тийиштүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.