Ош шаарындагы эки көчө капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт
6-февралдагы таңкы рейддин жүрүшүндө Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Алымбек датка муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Атабаев жана Төлөнов көчөлөрүн кыдырды.
Шаар мэри аталган көчөлөр быйыл толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, заман талабына жооп берген төрт тилкелүү жолго айландырыларын маалымдады.
Оңдоп-түзөө иштеринин алкагында асфальт төшөө, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарларды куруу, жол жээгин жарыктандыруу, ирригациялык лотокторду орнотуу жана жашыл аймактарды көрктөндүрүү каралган.
