90 жаштагы эне президенттен Якутияда камалып, Кыргызстанга экстрадицияланып келген уулуна ырайым берүүнү суранды
25 июнь

90 жаштагы эне президенттен Якутияда камалып, Кыргызстанга экстрадицияланып келген уулуна ырайым берүүнү суранды

Ат-Башы районунун 40 жыл чабан болуп иштеп, 9 бала менин жесир калган жана учурда 90 жашка чыккан тургуну президентке кайрылды. 

Ал балдарынын экөө каза болгонун, бирөө Москвада иштеп жүрүп кырсыктап, төшөктөн турбай калганын, ал эми дагы бир баласы Якутияда иштеп жүрүп, куру жалаа менен 5 жылга камалганын билдирди. 

Айтымында, камалган уулу жакында Кыргызстанда экстрадицияланып келген, ал эми президенттен ага ырайым кылуусун суранат. 

“Бир бутум көрдө салаңдап турат, уулумду куткарып бериңиз”, – деди эне. 

Президент тургундун аты-жөнүн жазып алууну жардамчыларына тапшырды.