Чүй облусунда алдамчылык фактысы боюнча шектүү кармалды
30 январь 2026-жылы Ысык-Ата РИИБге 2000-жылы туулган Х.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылып, аз тааныш болгон А. аттуу жаранга чара көрүүнү суранган. Арызында көрсөтүлгөндөй, 2025-жылдын декабрь айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин А. аттуу жаран ишенимге кирип, алдамчылык жана ишенимди кыянаттык менен пайдалануу жолу менен анын 38 500 (отуз сегиз миң беш жүз) сом өлчөмүндөгү акча каражаттарын мыйзамсыз ээлеп алган.
Мындан тышкары, ал алимент төлөмдөрүн 8 300 сомдон 4 700 сомго чейин төмөндөтөрүн убадалап, арыздануучуну жаңылыштырып, олуттуу материалдык зыян келтирип, качып жүргөн.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери аталган кылмышка шектүү катары 1996-жылы туулган К.А. аттуу жаран аныкталып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү алынган акча каражаттарын өзүнүн жеке муктаждыктарына жумшаганы аныкталган.
Азыркы учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып жатат.
