Маматалиев: Бишкекке кошулган жаңы конуштардын шаар деген аты болгону менен заты жок
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев АТРдин алкагында Бишкек шаарынын курамына кошулган жаңы конуштардын маселесин көтөрдү.
Ал жаңы конуштар шаардын аймагына айланганы менен жөнөкөй тиричилик шарттары түзүлбөгөнүн белгиледи.
“Алардын шаар деген гана аты калды, заты өзгөргөн жок. Министрлер Кабинетинин төрагасы 2026-жылы жаңы конуштарды оңдоого 6 миллион сом бөлүнөөрүн айткан болчу. Мен протоколдук тапшырма катары айтып кетет элем: борбордун курамына кирген жер борбордой болушу керек. Шаардын ортосу кандай болсо, чет-жакалары да ошондой болууга тийиш. Акчаны туура багытка жумшап, жаңы конуштарга шаар кейпин кийгизүү зарыл”, – деди ал.
Депутат Калыс-Ордо, Мурас-Ордо, Ак-Босого, Үмүт, Достук жаңы конуштарына квартал же микрорайон наамын берип, ага жараша затын да өзгөртүү керектигин кошумчалады.
“Акыбалдары дагы деле начар. Андагы жашоочуларды шаарда жашайт деп айта албайсың, башка эле бир жакта жашашкандай сезим калтырат. 2026-жылы 20 мектеп, 10 бала бакча курулары айтылган, аны алыскы жаңы конуштардан баштап беришсин”, – деди Маматалиев.
