Эмгек министри “Пикир” маалымат системасын ишке ашырууда алгылыктуу иш алып барылбаганы боюнча аймактарды сынга алды
6 февраль

Эмгек министри “Пикир” маалымат системасын ишке ашырууда алгылыктуу иш алып барылбаганы боюнча аймактарды сынга алды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коллегиясында министр Канат Сагынбаев “Пикир” маалыматтык байланыш системасын жетишсиз колдонуп жаткан бир катар аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн ишин сынга алды.

Аталган система Мамлекеттик органдардын баарында QR-коддор менен пикир калтыруу системасын киргизүү мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндөгү ачык-айкындуулукту жана калктын маалымдуулугун жогорулатуу максатында, жарандардын кайрылууларына, арыз-даттанууларына жана сунуштарына ыкчам жооп кайтарууну камсыз кылуу максатында ишке киргизилген.

Тилекке каршы, министр белгилегендей, иш жүзүндө система толук көлөмдө колдонулбай келет.

“Пикир” кайтарым байланыш системасын көз жаздымда калтырууга болбойт. Мындай шартта жарандар жоопсуз калып, бул түздөн-түз иштин сапатына жана Министрликтин ишенимге болгон таасирин тийгизет.

Ар бир келип түшкөн сын-пикир өз убагында жана маңызы боюнча каралышы зарыл, — деп баса белгиледи Канат Сагынбаев.

Министр бардык бөлүмдөрдүн жетекчилерине “Пикир” маалыматтык байланыш системасынын толук кандуу иштешин камсыз кылуу, жарандардан келип түшкөн сын-пикирлерди ыкчам кароону жолго коюу жана биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча ишти жакшыртуу боюнча сунуштар камтылган аналитикалык отчетторду даярдоо тапшырмасын берди.