Бишкек жана Ош: 2025-жылы батир жана үйлөрдүн орточо баасы 26–37%га жогорулаган
2025-жылы Бишкек жана Ош шаарларында батирлердин жана жеке үйлөрдүн орточо баалары байкаларлык өстү, деп билдирет Мамкаттоо кызматы.
Кыймылсыз мүлк рыногунун талдоосу чарчы метрдин баасы жогорулап, турак жай рыногундагы активдүүлүк артканын көрсөтүүдө.
2025-жылы Бишкекте батирлердин орточо баалары 2024-жылга салыштырмалуу өстү:
- 104-сериядагы батирлер — 17,4%га,
- 308-сериядагы батирлер — 17,7%га,
- 105-сериядагы батирлер — 18,9%га,
- ал эми жеке батирлер — 21,7%га кымбаттаган.
Ош шаарында баалардын өсүшү мындан да жогору болду:
- 104-сериядагы батирлер — 26,9%га,
- 105-сериядагы батирлер — 24,4%га,
- ал эми жеке батирлер — 11,6%га кымбаттады.
Турак үйлөргө токтолсок, Бишкекте чарчы метрдин орточо баасы 26,8%га өстү. Эң жогорку өсүш Свердлов районунда байкалган (+37,11%), ал эми эң төмөн көрсөткүч Октябрь районунда катталган (+7,88%). Ош шаарында турак үйлөрдүн баасы 37,04%га жогорулаган.
Кыймылсыз мүлктүн баасынын өсүшү инфляциянын деңгээлинен ашты: 2025-жылы орточо жылдык инфляция 9,2%ды түздү.
Бишкекте кыймылсыз мүлк рыногу сезондук өзгөрүүлөр менен мүнөздөлдү: жыл башында кескин өсүш болуп, жылдын биринчи жарымында салыштырмалуу турукташуу байкалды, сентябрь айында баалар эң жогорку чекке жетип, октябрда төмөндөп, жыл аягына карата кайрадан өсө баштады. Ош шаарында болсо баалардын өсүшү жылдын экинчи жарымында башталып, октябрга чейин уланды, ноябрь айында бир аз төмөндөө байкалган.
Кызыктуу жагдай катары суроо-талап белгиленди: Бишкекте батирлерди сатып алуу-сатуу боюнча бүтүмдөрдүн саны акыркы беш жылда (2021–2025-жж.) баалардын өсүшүнө карабастан азайган. Ал эми Ош шаарында рыноктогу активдүүлүк артты: батирлер боюнча бүтүмдөрдүн саны 48,18%га, үйлөр боюнча 37,63%га (465тен 640ка чейин) өскөн.
Аналитиктердин айтымында, кыймылсыз мүлк рыногу инерттүү болгондуктан, баалардын кескин өзгөрүшү жергиликтүү факторлорго (жайгашкан жери, ремонттун сапаты, кабаты, аянты) жана глобалдык шарттарга (калктын кирешеси, экономиканын жана бизнестин өнүгүшү) көз каранды.
2026-жылга карата божомол боюнча, турак жайдын баалары биринчи чейректе негизинен 2025-жылдагы деңгээлде калып, болгону аз гана термелүүлөр болушу мүмкүн.
