Кыргызстанда үч жолу жол эрежесин одоно бузган айдоочулар кайрадан экзамен тапшырууга жөнөтүлөт
Кыргызстанда жол кыймылынын эрежелерин бир жылдын ичинде үч жана андан көп жолу одоно бузган айдоочулар квалификациялык экзамендерди кайрадан тапшырууга жөнөтүлөт. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Бул норма КРнын 2023-жылдын 15-февралындагы “Жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” № 27 Мыйзамында көрсөтүлүп, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси 37 прим 1 беренеси менен толукталган.
Кайрадан экзамен тапшырууга жөнөтүүгө алып келүүчү укук бузуулар төмөнкүлөр:
- Айдоочуунун автоунааны мамлекеттик номери жок башкаруусу,
- транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талаптарды аткарбоо,
- кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 40 км/сааттан жана 60 км/сааттан көп ашуу,
- атайын жарык берүүчү жана үн чыгаруучу сигналдык түзүлүштөрдү иштетүү менен жүрүп бараткан транспорт каражаттарынын кыймылына артыкчылык бербөө,
- каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен озуп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу,
- жол курулмасынын же башка мүлктүн бузулушуна алып келген жол кыймылынын эрежелерин бузуу,
- адамдын ден соолугуна зыян келтирүү менен жол кыймылынын эрежелерин бузуу,
- мас адамга же айдоого укугу жок адамга унаа айдатууга жол берүү.
