Кыргызстанда күздүн келиши менен КРВИ жана сасык тумоонун көбөйүшү күтүлүүдө
Сүрөт ачык булактардан алынды
14 сентябрь

Кыргызстанда күздүн келиши менен КРВИ жана сасык тумоонун көбөйүшү күтүлүүдө

Күз мезгилинин келиши менен Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекциялардын (КРВИ), анын ичинде сасык тумоонун жайылуу коркунучу салттуу түрдө жогорулайт.

Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникациялар борборунун адистери билдиришти.

КРВИ дем алуу жолдорун жабыркатат. Оору баш оору, мурундан суу агуу, чүчкүрүү, алсыздык, дене табынын көтөрүлүшү, тамактын, булчуңдардын жана муундардын оорушу менен коштолушу мүмкүн.

Инфекция адам сүйлөгөндө, жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө аба-тамчы жолу аркылуу, ошондой эле кол жана жалпы колдонулуучу буюмдар аркылуу байланыш-тиричилик жолу менен жугат.

Бул топтогу оорулардын ичинен адистер сасык тумоону өзгөчө кооптуу оорулардын бири деп аташат. Ал адамдын абалынын кескин начарлашы, дене табынын жогорулашы, баш оору жана булчуңдар менен муундардын сыркоолошу менен башталышы мүмкүн. Айрым учурларда дене табы 40,5 градуска чейин жетет.

Сасык тумоо жаш балдарда, улгайган адамдарда, өнөкөт оорулары жана иммундук системасынын бузулушу бар жарандарда оор өтүшү мүмкүн. Ошондой эле оору өнөкөт оорулардын күчөшүнө жана ар кандай татаалдашууларга алып келиши мүмкүн.

Адистер алдын алуунун негизги чараларынын бири катары эмдөөдөн өтүүнү аташат.

Мындан тышкары, кыргызстандыктарга уйку жана эс алуу режимин сактоо, таза абада көбүрөөк жүрүү, аба ырайына ылайык кийинүү, туура тамактануу жана суюктукту жетиштүү өлчөмдө ичүү сунушталат.

Оорулардын көбөйүү мезгилинде коомдук жайларда медициналык беткап тагынуу, эл көп топтолгон жерлерден жана оорулуу адамдар менен байланыштан алыс болуу, бөлмөлөрдү үзгүлтүксүз желдетүү жана нымдуу тазалоо жүргүзүү сунушталат.

Колдун гигиенасына өзгөчө көңүл буруу керек. Колду самындап үзгүлтүксүз жууп, зарыл болгон учурда антисептик колдонуу зарыл.

Адистер ошондой эле ооруну «бутуна туруп» өткөрбөөнү жана өз алдынча дарыланбоону сунушташат. Сасык тумоонун же ОРВИнин белгилери пайда болгон учурда үйдө калып, медициналык жардамга кайрылуу керек.