Пияз 18, күрүч 77 сом. Оштогу азык-түлүк бааларына мониторинг
Ош мэриясы
21 май

Пияз 18, күрүч 77 сом. Оштогу азык-түлүк бааларына мониторинг

Ош шаарынын мэриясы бүгүн, 21-майда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү менен биргеликте азык-түлүктүн жана жашылча-жемиштердин бааларынын негизсиз өсүшүнө жол бербөө максатында кезектеги мониторинг өткөрдү.

Бул жолу Жапалак мөмө-жемиш базарында азык-түлүк товарларынын баалары көзөмөлгө алынып, сатуучуларга бааларды негизсиз көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мониторингдин жыйынтыгында Жапалак базарында социалдык маанилүү товарлардын баалары башка соода жайларына салыштырмалуу төмөн экени аныкталды.

Базардагы болжолдуу баалар:

  • Пияз – 18 сом
  • Сабиз – 35–40 сом
  • Картошка – 38 сом
  • Бадыраң – 50 сом
  • Суу май (5 литр) – 500 сом
  • Помидор – 100 сомдон башталат
  • Күрүч – 77 сомдон башталат
  • Макарон азыктары – 70 сомдон башталат

Белгилей кетсек, социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү тарабынан жума сайын жүргүзүлүп турат.