Бир бала ооруканада. Манас шаарында массалык мушташ катталды
Манас шаарында массалык мушташ катталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Окуя 6-февралына караган түнү саат 00:30 чамасында шаардагы СМУ кичи районунда катталган.
Окуя болгон жерге Манас ШИИБдин тергөө-ыкчам тобу барып, тиешелүү материалдар жана видеоматериалдар топтолгон.
Топтолгон материалдарга таянып, Манас ШИИБдин тергөө кызматы окуяны Кылмыштардын Бирдиктүү реестрине каттап, КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш ишин козгогон.
Жалал-Абад милициясынын ыкчам иликтөө иштери менен массалык мушташка катышкан балдардын өздүктөрү аныкталып, тергөө үчүн жеткирилген. Алардын ичинен бир бала учурда ооруканада дарыланууда.
Окуя Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүндө жана мыйзам чегинде тергөө амалдары улантылып жатат.
