Тургун президентке: Атамбаев берген медалды Жээнбеков жокко чыгарды, а сиз пенсиямды көтөрүп берсеңиз
Президент Садыр Жапаровго Ат-Башы районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда Большевик айылынын Рахатбек аттуу тургуну кайрылды.
Ал 1-топтогу майып экенин, 3 баласын чоңойтуп жаткан жалгыз бой ата экенин жана 2010-жылы кырсыкка учурап, баспай калганын билдирди.
“Мен 14 миң пенсия алам. Атамбаев 2016-жылы “Даңк” медалы менен сыйлаган, бирок ага эч кандай пенсия чектелген эмес. Андан кийинки президент медалымды жокко чыгарып салган”, – деди ал.
“Биринчиси көңүлүңүздү алса, кийинкиси жокко чыгарып салыптыр да”, – деп күлдү президент.
“Үчүнчүсү сизсиз, көңүлүмдү көтөрүп пенсиямды жогорулатып берсеңиз”, – деп суранды тургун.
Президент пенсияны көбөйтүү анын укугу эместигин айтып, Соцфонддун өкүлүнө эгерде мунун мыйзамдуу жолдору болсо карап берип коюуну тапшырды.
