“160 гектар жерди уулуна мыйзамдаштырып берген”, – губернатордун мурдагы орун басарынын маселеси иликтенет
Ат-Башы районунун тургуну, учурда Бишкекте жашап жаткан Исабек Абдыгазиев УКМКнын мурдагы башчыларынын кысымында калып, жөн жерден сот ишине кириптер болгонун, бизнесин тарттырып жибергенин президентке билдирди.
Эске салсак, Садыр Жапаров Ат-Башы районунун тургундары менен жолугушту.
Абдыгазиевдин айтымында, бир канча жыл мурда Ат-Башыда уулу экөө туристтик база курушкан. Ага 131 миллион сом акча салышкан.
Жыйынтыгында, акырындык менен эс алуу жайы облустагы эң алдыңкы жайлардын бирине айланган.
“Колубузда бардык документтер: ижарага алынган жердин китеби, архитектуранын бардык долбоорлору бар. Ошол долбоорлордун негизинде курганбыз. 2024-жылы УКМК тарабынан кысым жасалып, текшерүү жүргүзүшүп, мени 1,5 айга камап салышты. Телеканалдар аркылуу мени жаманатты кылышты. Өз каалооңор менен өткөрүп бергиле деген талап болгон. Сизге да, президенттик аппаратка да кат жазгам, бирок реакция болбоду”, – деди тургун.
Райондун прокурору Абдыгазиев 2007-жылы Нарын облусунун губернаторунун орун басары болуп турганда, 160 гектар жер тилкесин уулуна мыйзамдаштырып берип койгонун жана ал жердин 25 сотыхы иштеткенин билдирди.
“Ал токой чарбасынын жери. Курулуш иштерин мыйзамсыз жасап жер кыртышын бузгандыктан 1 млн 175 миң сом мамлекетке төктүргөнбүз. Туристтик машина токтой турган жерге эс алуу жайын куруп, өзүнө ыйгарып алган. 2025-жылы Ат-Башы сотунун чечими менен эс алуу жайы ӨКМга өткөрүлүп берилген”, – деди прокурор.
Бирок тургун буга макул болбоду. Ал мунун баары Ташиевдин жана Эду (УКМКнын мурдагы кызматкери Элдар Жакыпбеков, ал Ташиевдин ишенимдүү адамы катары айтылган, – ред.) баштаган иш экенин белгиледи. Айтымында, Элдар Жакыпбеков анын эс алуу жайынын жанынан сарай сатып алган дагы, калган жерди да өзүнө алуу үчүн ушундай жасалма жалаа жабуу баштаган.
Садыр Жапаров курулуш министри менен губернаторго аталган эс алуу жайын барып көрүп, канчалык мыйзамсыз курулуш болгонун аныктоо тапшырмасын берди.
“Курулуш министри билесиңер да курулуш мыйзамсыз же мыйзамдуу курулганын. Эгерде мыйзамсыз курулса, анда бул кишинин айтканы чындык эмес”, – деди мамлекет башчы.
