Кыргызстанда чет өлкөлүк суучулдар тажрыйба алмашат
Кыргызстанда чет өлкөлүк суучулдар тажрыйба алмашат, деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 16-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Эл аралык Жарандык коргонуу уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн
- Алжир,
- Армения,
- Азербайжан,
- Беларусия,
- Буркина-Фасо,
- Египет,
- Гана,
- Мали,
- Ливан,
- Сауд Аравия жана Россиядан келген жалпы 11 суучулдун башын бириктирген кезектеги XII Эл аралык тренингдин ачылышы болду.
Тренингдин расмий ачылышында ӨК министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов дүйнөнүн ар бурчунан келген суучулдар менен жакындан таанышып, алдыда өтүүчү теориялык жана практикалык машыгууларга ийгиликтерди каалады.
Бул 12 күндүк окутуунун максаты - суучулдардын кесиптик билимдерин арттыруу, жаңы багытта тажрыйба алмашуу жана ЭЖКУга мүчө-мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн ортосундагы “Суучулдар иши” жаатында туруктуу байланышты бекемдөө болуп саналат.
Тренингдин соңунда чет мамлекеттен келген суучулдарга сертификат жана ЭЖКУнун XXII Башкы Ассамблеясынын чечими менен бекитилген «Жеке суучулдун китеби» берилет.
Белгилей кетсек, ЭЖКУга мүчө-мамлекеттердин тоодо куткаруу боюнча тренинги ӨК министринин орун басары Урматбек Шамыркановдун жетекчилиги астында бүгүн Бишкекте старт алды.
