Ош шаарында оңдоодон өткөрүлгөн К. Баялинов көчөсү пайдаланууга берилди
Ош мэриясы
10 август

Ош шаарында оңдоодон өткөрүлгөн К. Баялинов көчөсү пайдаланууга берилди

Ош шаарындагы К. Баялинов көчөсүнүн курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, көчөнүн курулуш иштери мындан бир ай мурда башталган.

Жолдун эки четине тротуар, жашыл аймактар жана ирригациялык тармактар кошо курулду. Ошондой эле эки четине автоунаа токтотуучу жайлары да каралган.

Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык Кеңештин төрагасы Болотбек Баетов жана жергиликтүү тургундар катышты.

Белгилей кетсек, аталган көчөдө мейманкана, банк жана мамлекеттик маанидеги объектилер жайгашкан.