Ак-Талаада бир нече жаранды алдоого шектүү жаран кармалды
10 август

Ак-Талаада бир нече жаранды алдоого шектүү жаран кармалды

Ак-Талаа РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында бир нече жаранды алдап, ири өлчөмдө материалдык зыян келтирүүгө шектелген жаран кармалды.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, Ош облусунун тургуну 1982-жылы туулган Н.У. 2025-жыл ичинде Ак-Талаа районунун аймагында бир нече жарандын ишенимине кирип, ар кандай шылтоолор менен алардын акча каражаттарын жана мал-мүлкүн алдоо жолу менен ээлеп алган деп шектелүүдө.

Узак мөөнөттүү жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү жаран 2026-жылдын 7-август күнү Жалал-Абад облусунун аймагынан Ак-Талаа РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад ОИИБдин жана Аксы РИИБдин тиешелүү кызматкерлери менен биргеликте кармалды.

Аталган фактылар боюнча Ак-Талаа РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен өз-өзүнчө кылмыш иштери козголуп, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө.

Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыш фактыларына тиешеси бар же жок экендиги такталууда.