Мамадалиев “дарыгерлер орой мамиле жасашат” дегенге жооп берди: Аларды да түшүнүү керек, канча жаман сөзгө чыдап иштеп жатышат
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев “Биринчи радионун” эфиринде медицина кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүү канчалык маанилүү экенин айтып берди. Белгилей кетсек, ушул жылдын 1-апрелинен тартып саламаттыкты сактоо жаатынын кызматкерлеринин айлык маянасы 100 пайызга көтөрүлөрү күтүлүүдө.
Ал белгилегендей, жер жерлердеги кадр жетишсиздигинин башкы себеби айлык акынын төмөндүгү болуп келген. Аймактарда айрыкча, неонатолог, реаниматолог, хирургдар жетишпейт.
Министрдин орун басарынын айтымында, акыркы 2 жылдан бери дарыгерлерге мамлекет тарабынан 20 миң сом кошумча акы төлөнүп келет. Андан сырткары дарыгерлер депозити бар: ар бир 3 айда мурда 33 миң сом болсо, азыр 66 миң сомдон алып турушат.
Радионун угармандарынын бири өзү медицина системасында иштей турганын, бирок буга чейин медицина кызматкерлеринин айлык акысы көбөйтүлгөн маалда, ооруканаларда кадрлар бөлүмү, бухгалтерия өңдүү дарылоого тиешеси жок кызматкерлердин айлыгы “башка чыгымдарга” кошулганына байланыштуу көбөйтүлбөй калганын айтты.
Ал бул сапар алардын айлыгы көбөйөбү же мурдагы бойдон калабы деген суроо узатты.
Мамадалиев “саламаттыкты сактоо системасында айлык акысы көбөйтүлбөй калган бир дагы кесиптеш жоктугун” белгиледи.
Ошондой эле дагы бир угарман дарыгерлердин айлык акысын көбөйтүүгө каршы экенин, анткени бейтаптарга орой мамиле жасашаарын жана айрым учурда кабыл албай коюшарын билдирди.
Буга министрдин орун басары дарыгерлерди да түшүнүш керектигин айтуу менен жооп берди.
“Эмнеге шаарда ооруканаларда кезек көп? Анткени аймактардын тургундары ооруп калса, аймактык ооруканага кайрылбай, түз шаарга келишет. Кээ бир учурда жолдомосуз келишет, ошондуктан кабыл албай койду деген нааразычылыктар жаралат. Биз бул көйгөйдү чечүү үчүн аймактарга ири ооруканаларды куруу аракетин жүзөгө ашырып жатабыз. Мамлекеттик саясаттын негизинде учурда өлкөдө 38 ири оорукана курулуп жатса, анын экөөсү гана шаарда, калганынын баары айылдарда. Саламаттыкты сактоону айылдардан баштоо керек. Эл дагы убагында медициналык текшерүүдөн өтүп турууга тийиш. Медиктер орой мамиле жасайт дегендер да жок эмес. Мен дайым айтып жүрөм: дарыгерлерди да түшүнүү керек. Кадр жетишсиздигинин айынан, кээде бир врач өзүнүн тапшырмасынан сырткары да киши кабыл алууга аргасыз болот. Врачтарга канча деген жаман сөз айтылат, ошого чыдап иштеп жатышат. Ошондуктан элди да, дарыгерлерди да сабырдуу болууга чакырат элем”, – деди Тилек Мамадалиев.
