Бишкекте жеке унааларга түнкүсүн жана дем алыш күндөрү автобус тилкеси менен жүрүүгө уруксат берилет
Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы Бишкек шаарындагы коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелер боюнча айдоочуларга жол эрежелерин эскертти.
Атайын тилкелер Байтик Баатыр, Курманжан Датка жана Ахунбаев көчөлөрүндө, ошондой эле Айтматов жана Жибек Жолу проспектилеринде иштейт.
Дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 08:00дөн 20:00гө чейин жеке унаалардын бул тилкелер менен жүрүүсүнө тыюу салынат.
Ошол эле учурда жол кыймылынын эрежелерин сактоо менен жүргүнчүлөрдү түшүрүү жана отургузуу үчүн кыска убакытка токтоого уруксат берилет.
Саат 20:00дөн 08:00гө чейин жеке унааларга бөлүнгөн тилкелер менен чектөөсүз жүрүүгө болот.
Ал эми ишемби жана жекшемби күндөрү жеке транспорттун автобус тилкелери менен күн бою жүрүүсүнө уруксат берилет.
Белгиленген талаптарды бузган айдоочуларга Кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан протокол түзүлүшү мүмкүн. Мындан тышкары, мыйзам бузуу фактылары «Коопсуз шаар» системасынын камералары аркылуу да катталат.
