Саламаттык сактоо министрлиги: Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда 388 миңден ашуун аялга аймактык долбоордун алкагында сапаты жакшыртылган медициналык кызмат көрсөтүлдү
Ысык-Көл областында Германия Өкмөтүнүн тапшырмасы менен Германиянын Эл аралык кызматташтык коому (GIZ) тарабынан Европа Биримдигинин биргелешкен каржылоосу аркылуу, Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын саламаттык сактоо министрликтери менен өнөктөштүктө ишке ашырылган «Борбор Азияда эне менен баланын саламаттыгын жакшыртуу» долбоорунун жыйынтыктоочу аймактык иш-чарасы өттү.
«Эне менен баланын саламаттыгы биринчи кезекте жеткиликтүү, сапаттуу жана аялдардын, балдардын жана үй-бүлөлөрдүн муктаждыктарына багытталган баштапкы медициналык-санитардык жардам системасынын күчтүүлүгүнөн көз каранды. Долбоордун алкагында биз саламаттык сактоо министрликтери, саламаттык сактоо уюмдары, билим берүү мекемелери жана эксперттер менен биргеликте иш алып бардык. Практикалык ыкмалар иштелип чыгып, жергиликтүү шарттарга ылайыкташтырылды, окутуулар өткөрүлдү, өлкөлөр ортосунда тажрыйба алмашуу уюштурулду, насаатчылык жана лидерликти өнүктүрүү колдоого алынды. Долбоордун аймактык форматы Кыргызстанга, Тажикстанга жана Өзбекстанга бири-биринен үйрөнүүгө, тажрыйба бөлүшүүгө жана ийгиликтүү чечимдерди өз өлкөсүнүн шарттарына ылайыкташтырууга мүмкүнчүлүк берди», – деди GIZдин Кыргызстандагы жана Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Виктор Вецель.
Ал ошондой эле Германия үчүн өнөктөш өлкөлөрдө саламаттык сактоо системасын жана баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүүнү колдоо кызматташуунун негизги багыттарынын бири экенин белгиледи.
«Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча федералдык министрлигинин (BMZ) колдоосу жана GIZ уюмунун ишмердүүлүгү аркылуу биз туруктуу жана адамдардын муктаждыктарына багытталган саламаттык сактоо системаларын өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө умтулабыз», – деп кошумчалады ал.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Баштапкы медициналык-санитардык жардам бөлүмүнүн башчысы Нургүл Ибраева белгилегендей, бүгүнкү күндө саламаттык сактоо системасы жаңы чакырыктарга туш болуп, алар заманбап чечимдерди, кадрдык потенциалды өнүктүрүүнү, инновациялык ыкмаларды киргизүүнү жана аймактык кызматташтыкты чыңдоону талап кылууда.
«Дал ушул себептен долбоордун жыйынтыктары биздин саламаттык сактоо системаларын мындан ары өнүктүрүү үчүн өзгөчө практикалык мааниге ээ. Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө бир катар маанилүү багыттар боюнча олуттуу иштер аткарылды. Алардын катарына саламаттык сактоо адистеринин лидерлик потенциалын чыңдоо, аялдарга жана үй-бүлөлөргө көрсөтүлүүчү медициналык жардамды адамга багытталган принциптердин негизинде өнүктүрүү, ошондой эле медициналык кызматкерлерди даярдоонун сапатын жогорулатуу үчүн заманбап билим берүү куралдарын жана санариптик чечимдерди киргизүү кирет. Өзгөчө долбоордун аймактык форматын белгилегим келет. Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын биргелешкен иши тажрыйба алмашууга гана эмес, жаңы ыкмаларды биргелешип иштеп чыгууга, эл аралык мыкты тажрыйбаларды Борбор Азиянын шарттарына ылайыкташтырууга жана өлкөлөр ортосунда кесиптик кызматташтыкты бекемдөөгө мүмкүндүк берди», – деди ал.
Үч жыл аралыгында долбоор кош бойлуу аялдарга, энелерге жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга, медицина кызматкерлеринин потенциалын өнүктүрүүгө, заманбап санариптик чечимдерди киргизүүгө жана саламаттык сактоо тармагында аялдардын лидерлигин чыңдоого багытталды.
Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында Кыргызстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда аялдарга жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга урмат-сый менен кам көрүүнүн заманбап ыкмалары киргизилип, үзгүлтүксүз медициналык билим берүү системасына окутуу программалары интеграцияланды. Ошондой эле «Коопсуз төрөт» мобилдик тиркемеси улуттук стандарттарга ылайыкташтырылып, саламаттык сактоо тармагындагы аялдардын лидерлигин өнүктүрүү программалары ишке ашырылды.
Долбоордун жыйынтыгы боюнча:
-
баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде 388 миңден ашуун аял жана жаңы төрөлгөн ымыркай сапаты жакшыртылган медициналык кызматтарды алышты;
-
1 500 медицина кызматкери урмат-сыйга негизделген жардам көрсөтүү, лидерлик жана санариптик инструменттерди колдонуу боюнча квалификациясын жогорулатышты;
-
алынган билимдерди мындан ары жайылтуу үчүн 134 улуттук тренер даярдалды;
-
3 билим берүү модулу үзгүлтүксүз медициналык билим берүү системасына интеграцияланды;
-
«Коопсуз төрөт» мобилдик тиркемесинин 14 модулу улуттук тилдерге ылайыкташтырылды;
-
аймактагы 16 билим берүү мекемесинин жана 26 саламаттык сактоо уюмунун потенциалы чыңдалды;
-
тиркемени колдонгондордун 96%ы анын сапатына жогорку баа беришсе, сурамжылоого катышкан аялдардын 99%ы медициналык жардамдын сапаты жана медицина кызматкерлеринин урмат-сый менен мамиле кылуусу жакшырганын белгилешти.
Жыйынтыктоочу иш-чарада үч жылдык долбоордун негизги жыйынтыктары чыгарылып, катышуучулар ар бир өлкөдө жетишилген көрсөткүчтөр менен таанышышты. Ошондой эле мыкты тажрыйбалар, билимдерди сактоо жана аларды мындан ары жайылтуу механизмдери талкууланды.
Өзгөчө көңүл долбоордун жыйынтыктарын сактап калуу боюнча улуттук пландарды иштеп чыгууга бурулду. Өлкөлөрдүн өкүлдөрү долбоор аяктагандан кийин киргизилген демилгелерди улантуу үчүн мындан аркы кадамдарды, жооптуу уюмдарды жана зарыл болгон колдоо чараларын аныкташты.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги мындай эл аралык долбоорлор саламаттык сактоо системасынын кадрдык потенциалын чыңдоого, медициналык жардам көрсөтүүнүн заманбап стандарттарын киргизүүгө, медициналык билим берүүнү санариптештирүүгө жана эне менен баланын ден соолугун коргоо жаатындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгилейт.
Жыйынтыктоочу иш-чара Борбор Азия өлкөлөрүнүн мындан аркы кызматташуу келечегин талкуулоо жана долбоордун расмий жыйынтыгын чыгаруу менен аяктады.
