Коргоо министрлигине жарандардын ишеним индекси 60,8 баллды түздү
Кыргызстандын министрликтеринин арасында 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында жарандардын жеке ишеним көрсөткүчү боюнча эң жогорку көрсөткүчтү Коргоо министрлиги алды.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, аталган ведомствонун индекси 60,8 баллды түздү.
Министрликтер арасында экинчи орунда 60,1 балл менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги турат.
Андан кийинки орундарда Тышкы иштер министрлиги – 54,8 балл, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги – 53 балл, Ички иштер министрлиги – 50,9 балл жана Юстиция министрлиги – 50,6 балл менен жайгашты.
Агартуу министрлигинин индекси 49,2 баллды, Энергетика министрлигиники – 48,8, Транспорт жана коммуникациялар министрлигиники – 48 баллды түздү.
Министрликтердин ичинен эң төмөнкү көрсөткүч Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде катталып, 41,9 баллды түздү.
