Чүй облусунда 150 миң сомдук мал уурулуктун бети ачылды
Чүй ОИИББ
16 апрель

Чүй облусунда 150 миң сомдук мал уурулуктун бети ачылды

2026-жылдын 11-апрелинде Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө 2002-жылы туулган Б.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда 00:00дөн 04:00гө чейинки аралыкта Айдарбеков айылында белгисиз адамдар аркандалып турган атты жашыруун түрдө уурдап кетишкендиги маалымдалган.

Кылмыштуу аракеттердин натыйжасында арыз ээсине 150 000 сом өлчөмүндө олуттуу материалдык зыян келтирилген.

Кылмыш жасалгандан кийин шектүүлөр белгисиз тарапка из жашырышкан.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси (мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөр аныкталган. Алар 1999-жылы туулган Ш.у.Д. жана 1996-жылы туулган К.Т. аттуу жарандар болуп чыккан. Шектүүлөр Кыргыз Республикасынын ЖПКсынын 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө учурунда уурдалган ат үчүнчү жактарга сатылганы, ал эми алынган акча каражаттары жеке муктаждыктарга жумшалганы аныкталган.

Азыркы учурда шектүүлөрдүн район аймагында жасалган башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси текшерилүүдө.

Тергөө иштери улантылууда.