Кеминде "Алтынкен" ЖЧКсынын посту аркылуу жарандардын өтүүсүнө чектөө коюлду делген маалымат жалган
Социалдык тармактарда Кемин районунда жайгашкан "Алтынкен" ЖЧКсынын посту аркылуу жарандардын жөө жана транспорт каражаттары менен өтүүсүнө чектөө коюлуп жатат деген мазмундагы видеоматериалдар тараган.
Чүй облустук милициясы бул маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын билдирди.
Милициянын билдирүүсүнө караганда, аталган жол жалпы пайдалануудагы жол болуп саналат.
"Алтынкен" ЖЧКсынын посту аркылуу жарандардын жөө өтүүсүнө жана транспорт каражаттары менен жүрүүсүнө жалпы чектөө коюлган эмес. Жарандар белгиленген тартипте сутканын каалаган убагында аталган жол аркылуу тоскоолдуксуз өтүп-каттай алышат.
Чүй милициясы интернетте тараган маалыматтар боюнча буларды билдирди:
"2026-жылдын 5-августунда эртең менен "Алтынкен" ЖЧКсынын посту аркылуу Көк бөрү ат оюнуна катышкан бардык оюнчулар тоскоолдуксуз өтүп, оюн өткөрүлүүчү "Ок-Торкой" жайытына барышкан.
Оюн аяктагандан кийин айрым катышуучулар оюн учурунда колдонулган улак менен жалпы пайдалануудагы жол аркылуу өтүүгө аракет кылышкан. Көк бөрү экстремалдык мүнөздөгү ат оюну болгондуктан, жол боюндагы өндүрүштүк объектилердин мүлкүнө зыян келтирбөө жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында тиешелүү коопсуздук чаралары көрүлгөн.
Оюндар аяктагандан кийин бардык катышуучулар "Алтынкен" ЖЧКсынын посту аркылуу жалпы пайдалануудагы жол менен тоскоолдуксуз өтүп кетишкен. Жарандардын пост аркылуу өтүүсүнө же аталган жолду пайдаланууга жалпы чектөө киргизилген эмес.
Ошондой эле "Ок-Торко" жайытында мындай ат оюндары системалуу түрдө өткөрүлүп келерин белгилейбиз.
Буга чейин жарандардын аталган жол аркылуу өтүүсүнө же каттоосуна чектөө коюлган учурлар болгон эмес".
