Каламбекова: Кыргызстан – ШКУ менен тагдырлаш
Сүрөт ачык булактардан алынды
2 сентябрь

Каламбекова: Кыргызстан – ШКУ менен тагдырлаш

ШКУ 25 жылдык тарыхын жыйынтыктады жана бүгүнкү Бишкекте өтүп жаткан саммитте алдыдагы 25 жылдагы кызматташууга негиз болчу башкы маселелер каралышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Бактыгүл Каламбекова билдирди. 

“ШКУ саммити – бул маанилүү окуя. Дипломатиялык гана жактан эмес, тарыхый жактан дагы. Тарыхый болгондо уюмдун түзүлгөнүнө 25 жыл болду – юбилейлик саммит, 25 жыл эки мүчөл жыл – бүтүндөй бир муун. Ошондой эле Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө, Дүйнөлүк 6-көчмөндөр оюнуна туш келди. Бул иш-чаралар өлкөбүздүн эл аралык абройун көтөрөт, тышка таанылышына салым кошот”, - деди ал. 

Элчи белгилегендей, учурда өтүп жаткан салмактуу иш-чараларга Кыргызстанга 16 мамлекет башчылар, 160 өлкөдөн 3 миңге жакын спортчулар жана спорт ышкыбоздору келишти. 

Каламбекованын айтымында, Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмун түзүүчү өлкөлөрдүн катарында. Башкача айтканда, Шанхай төртилдик, Шанхай бешилтик кезинен бери келатат. Демек, Кыргызстан ШКУ менен тагдырлаш жана жоопкерчилиги чоң. Анткени, кийин кошулган өлкөлөргө караганда, уюмду түзгөн өлкөлөрдүн жоопкерчилиги чоң болот. 

“ШКУ коопсуздук маселесине негизделип курулган. Бирок 25 жылдан бери бутуна туруп, регионалдык эл аралык деңгээлге чыкты жана багыттарын кеңейтти. Мүчө-өлкөлөрдүн, байкоочу-өлкөлөрдүн, өнөктөш-өлкөлөрдүн саны көбөйдү. Андан сырткары Шанхай+ форматы чыкты. Бул уюмдун ачык-айкын экенин, анын койгон максаттарына, көздөгөн багыттарына жана аткарып жаткан милдеттерине кызыккандар, Шанхай духун бөлүшүүгө даяр мамлекеттер болсо, катарына кошууга мүмкүнчүлүгү бардыгын жарыялоо. ШКУ дипломатиялык платформа катары да иштеп келди жана анын натыйжалуулугун көрсөттү”, - деп белгиледи. 

Айтымында, бүгүнкү дүйнө абалын эске алганда, негизги максат – коопсуздук маселеси. Бирок аны менен катар улам-улам башка мазмун менен толукталып отурат. Ошол эле транспорт, логистика, санарип экономикага, жасалма интеллект, энергетиканын башка моделдерине өтүү, технология, адам факторун калыптандырууга да басым жасалууда. Бул айрыкча, Кыргызстанга окшогон, деңизге чыга албаган туюк өлкөлөр үчүн маанилүү.