Өзгөндө күрүчтүн дан кабыгы кыш өндүрүүдө кайра колдонулууда
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
2 сентябрь

Өзгөндө күрүчтүн дан кабыгы кыш өндүрүүдө кайра колдонулууда

Суу ресурстары министринин орун басары Рысгүл Акимжанова 1-сентябрда Ош облусунун Өзгөн районундагы бир катар ишкана жана өндүрүш объектилеринин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Иш сапардын жүрүшүндө «Кожомкулов» жеке ишканасы, «Кыргыз балык чарба» ишканасынын Өзгөн филиалы, райондук ветеринардык лаборатория, «Эко Өзгөн күрүчү» муниципалдык ишканасы жана сүттү кайра иштетүү цехи көрүлдү.

Өзгөчө көңүл «Эко Өзгөн күрүчү» ишканасына бурулду.

Бул жерде күрүчтү кайра иштетүүдөн калган дан кабыгы таштандыга чыгарылбастан, курулуш материалдарын, анын ичинде кыш өндүрүүдө кайра колдонулат. Ошондой эле чийки зат менен камсыздоо, кайра иштетүү, лабораториялык көзөмөл, сактоо, таңгактоо жана продукцияны сатуу маселелери талкууланды.

Рысгүл Акимжанова ишканаларды өз ара байланышкан бирдиктүү өндүрүштүк чынжыр катары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Мындай ыкма аймакта кошумча наркты көбөйтүп, ата мекендик продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт.