Орозо кармаган адамдар организмине кандай кам көрүшү керек?
18 февраль

Орозо кармаган адамдар организмине кандай кам көрүшү керек?

19-февралда Рамазан айы башталат. Орозо маалында адам организмине кандай кам көрүшү керектигин нутрицолог Наргиза Белекова айтып берди.

Ал белгилегендей, биринчи кезекте – адам суу режимин сактоого тийиш.

“Суу жылуу болушу керек. Ооз ачкандан кийин биринчи жылуу суу ичип, бир-эки даана курма жеп, андан соң гана жеңил кечки тамак ичиңиз. Ооз жабууда дагы мүмкүнчүлү болсо, тамактангандан кийин 15-20 мүнөт күтүп, андан соң жылуу суу ичип ооз жабыңыз.

Ооз ачуу жана ооз жабуу аралыктарында аз-аздан жылуу суу ичип туруу жакшы.

Экинчиден, уйку режимин сактаңыз. Анткени, Орозо маалында адам организми тамак-аш менен гана эмес, уйку жагынан да чектелет. Ооз ачып, тамактангандан кийин бир аз көнүүгүлөрдү жасап, андан соң уктап эс алыңыз. Кеминде 7-8 саат уктоого аракеттениңиз.

Ооз жабууда тамак тең салмактуу болушу шарт: белок, пайдалуу май жана татаал углевод. Бул кой, уй, тоок же балык эти, маш, нокот же төө буурчак, жашылча-жемиш, дан азыктары. Анан клечатка сөзсүз болууга тийиш. Ал эми ооз ачууда жеңил тамак – көбүнчө сорпого басым жасаңыз”, – дейт Наргиза Белекова.