Адылбек Касымалиев Ош – Кара-Суу унаа жолунун курулушу менен таанышты
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Ош – Кара-Суу унаа жолунун курулушу жана Ош шаарындагы көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты муниципалдык ишканасынын жаңы күнөсканасы менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Алгач Адылбек Касымалиев Ош – Кара-Суу унаа жолунун курулушун көрүп чыкты.
Жол 4 тилкелүү болуп курулат, бул унаа тыгынын азайтып, жол коопсуздугун камсыз кылууга багытталган. Учурда бул жолго республикалык бюджеттен 2,5 млрд сом каралган.
Андан ары МинКаб Төрагасы Ош шаарындагы көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты муниципалдык ишканасынын курулуп жаткан жаңы күнөсканасын көрүп чыкты. Бул күнөскана Ош шаарынын аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине пайдалануу үчүн ар түрдүү гүлдөрдү, декоративдүү өсүмдүктөрдү жана жашыл көчөттөрдү өстүрөт.
Министрлер кабинетинин төрагасы бул курулуштарды өз мөөнөтүндө сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.
