Саламаттык сактоо министрлигинде 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүктүн жыйынтыктары чыгарылып, алдыдагы негизги милдеттер аныкталды
2026-жылдын 21-августунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде коллегиянын жыйыны өтүп, анда министрликтин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, медициналык жардамдын абалы жана негизги долбоорлордун ишке ашырылышы каралып, алдыдагы мезгилге карата артыкчылыктуу милдеттер аныкталды.
Алты айдын жыйынтыгы боюнча саламаттык сактоо тармагынын консолидацияланган бюджетинин иш жүзүндөгү аткарылышы 30 млрд 395,3 млн сомду же 60,2 пайызды түздү. 2026-жылдын 1-апрелинен тартып медициналык кызматкерлердин эмгек акысы 100 пайызга жогорулатылып, ошондой эле Президенттин компенсациялык төлөмү киргизилди. Өлкөдө учурда саламаттык сактоонун 40тан ашык объектисинин курулушу уланууда. Аларга 2026-жылы 13,2 млрд сом каралган.
Коллегияда медициналык жардамдын сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. Курулуш жана инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышын көзөмөлдөөнү күчөтүү, койка фондун пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, кан тамыр жана инсульт борборлорун өнүктүрүү, онкологиялык ооруларды эрте аныктоо, эне жана ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчтөрүн жакшыртуу, ошондой эле жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоонун жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча чаралар аныкталды.
Мындан тышкары, вирустук гепатиттерге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын мониторингинин жыйынтыктары өзүнчө каралды. Коллегия көрүлүп жаткан чараларды жетишсиз деп таап, эпидемиологиялык көзөмөлдү, калкты скринингден өткөрүүнү, чоң кишилерди В гепатитине каршы эмдөөнү, бейтаптарды каттоону жана диспансердик көзөмөлдөөнү күчөтүүнү тапшырды. Ошондой эле диагностикалык тест-системалар жана зарыл болгон дары-дармек каражаттары менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу милдети коюлду.
Вирустук гепатит менен ооругандарды аныкталган учурдан тартып дарылоого чейинки бардык этаптарда бирдиктүү санариптик эсепке алуу системасын өнүктүрүү каралды.
Ошондой эле коллегияда Бишкек шаарындагы №1–14 үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жүргүзүлгөн комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыктары каралды. Текшерүүнүн жүрүшүндө баштапкы медициналык-санитардык жардамды уюштурууда, профилактикалык жана патронаждык иштерде, бейтаптарды динамикалык көзөмөлдөөдө, эмдөөдө, инфекциялык көзөмөлдө, медициналык документтерди жүргүзүүдө жана сапатты ички көзөмөлдөөдө системалуу кемчиликтер аныкталган.
Жетекчилерге аныкталган мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу, медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, ошондой эле иштин жыйынтыктары үчүн жеке жоопкерчиликти камсыз кылуу тапшырылды.
Коллегиянын жыйынтыгы боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине кабыл алынган чечимдердин аткарылышын камсыз кылуу, туруктуу мониторинг жүргүзүү, ага катар мөөнөттөрү, жооптуу адамдар жана күтүлүүчү натыйжалары көрсөтүлгөн конкреттүү иш-чаралардын пландарын иштеп чыгып, тапшыруу милдеттендирилди.
