Ош мэриясынын имараты толук оңдоп-түзөөдөн өтүүдө
17 февраль

Ош мэриясынын имараты толук оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Ош шаарынын мэриясынын имараты мэр Жеңишбек Токторбаевдин демилгеси менен толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында имараттын ички жана тышкы бөлүктөрү жаңыланып, инженердик коммуникациялар толугу менен алмаштырылууда. Ошондой эле кызматкерлер үчүн заманбап, ыңгайлуу шарттарды түзүү, жарандарды кабыл алуу бөлмөлөрүн талапка ылайык жабдуу каралууда.

Капиталдык оңдоп-түзөө иштери шаардык инфраструктураны жакшыртууга, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга жана муниципалдык башкаруунун натыйжалуулугун арттырууга багытталган.