Тоолуу өрөөндөрдө сел жүрөт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.
Синоптиктердин маалыматына караганда, 17-19-август күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Андыктан, ӨКМ селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан тазалоону эскертет.
