Чыгым 165 млн сомду түзөт. Чүйдө алдамчылыкка шектүү жаран кармалды
16 апрель

Чыгым 165 млн сомду түзөт. Чүйдө алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Чүй облусунда жарыялар тиркемеси аркылуу автоунаа оңдоого байланышкан алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 1-апрелинде Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө 1965-жылы туулган Т.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, аз тааныш «Н.» аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган.

Арызында, 2026-жылдын 9-март күнү аталган жаран Lalafo жарыялар тиркемеси аркылуу автоунаа оңдоо кызматын көрсөтөм деген шылтоо менен алдоо жолу аркылуу Honda Odyssey үлгүсүндөгү автоунаасын жана акча каражаттарын ээлеп алган.

Тактап айтканда, шектүү автоунааны оңдоо үчүн 35 миң сом, ошондой эле Ош облусунан кыймылдаткыч алып келип берем деген шылтоо менен 130 000 сом акча каражатын башынан эле бул милдеттенмелерди аткаруу ниети жок алып алган. Мындан тышкары, ал автоунааны кайтарган эмес жана изин жашырып кеткен. Жалпы келтирилген чыгым 165 миң сомду түзөт.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган С.Н. аттуу жаран аныкталып, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө С.Н. дагы жети ушул сыяктуу алдамчылык фактыларына тиешеси бар экендиги аныкталды. Ошондой эле анын Чүй облусунун башка райондорунда да ушундай кылмыштарды жасоого катыштыгы текшерилүүдө.

Тергөө иштери улантылууда.