Бишкек шаарында «Антикино» форматындагы жайларга көзөмөл күчөтүлдү: эки күндүк рейддин жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталды
Бишкек шаарынын ИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 2026-жылдын 20–21-март күндөрү «Антикино» катары иш алып барган жайларды текшерүүгө багытталган ыкчам-алдын алуу иш-чара өткөрүлдү.
Рейд өткөрүүгө айрым мындай жайларда жашы жете элек өспүрүмдөрдүн өз алдынча көзөмөлсүз жабык кабиналарда жалгыз калуусуна шарт түзүлүп жатканы, ошондой эле келүүчүлөрдүн жашын тиешелүү түрдө текшербестен чоңдорго арналган (+18) интернет-контентке чектөөсүз жеткиликтүүлүк берилип жатканы тууралуу маалымат негиз болду.
Эки күндүк рейддин жүрүшүндө шаар аймагындагы ондогон объектилер текшерилди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында мекемелердин администраторлоруна жана ээлерине карата тиешелүү материалдар түзүлүп, кошумча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Өткөрүлгөн иш-чаранын негизги максаты - өсүп келе жаткан муундун коопсуздугун камсыз кылуу, балдарды жана өспүрүмдөрдү алардын адеп-ахлактык жана психикалык өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтардан коргоо, ошондой эле жашы жете электердин көзөмөлсүз эс алуусуна байланыштуу мүмкүн болгон укук бузуулардын алдын алуу болуп саналат.
Мындай жайлардын ишмердүүлүгүн аныктоо жана токтотуу боюнча иштер улантылат.
