Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан адам уурдоого шектүүлөр кармалды
24 март

Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан адам уурдоого шектүүлөр кармалды

2026-жылдын 17-март күнү Бишкек шаарынын Свердлов РИИБине К.А. аттуу жаран, белгисиз адамдарга чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда, ошол эле күнү болжол менен саат 01:00 чамасында Бишкек шаарынын Аламедин-1 кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда белгисиз адамдар анын уулу К.Н. аттуу жаранды белгисиз үлгүдөгү унаага салып, белгисиз тарапка алып кетишкен.

Аталган факт боюнча Тергөө кызматы тарабынан ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинин 165-беренесинин 2-б. (Адам урдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 2006-жылы туулган М.Н., 2006-жылы туулган Ю.Ф., 2007-жылы туулган И.Р., ошондой эле 2009-жылы туулган жашы жете элек А.Р. аттуу жарандар аныкталып, Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилген.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөр жаран К.Н.ды мурдагы карыз акча каражатын өндүрүп алуу максатында уурдап кетишкендиги аныкталган.

Жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жыйынтыгында кылмышка шектүү 2006-жылы туулган М.Н., 2006-жылы туулган Ю.Ф. жана 2007-жылы туулган И.Р. аттуу жарандар Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынышкан.

Ал эми 2009-жылы туулган жашы жете элек А.Р., карата Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.