Бишкек ЖЭБи 2026–2027-жылдарга күз-кыш мезгилине даярдыкты баштады
«Бишкек ЖЭБ» муниципалдык ишканасы 2026–2027-жылдарга күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча иш-чаралар комплексин ишке ашырууну баштады.
Учурдагы жылытуу мезгили аяктагандан кийин ишкана салттуу түрдө кийинки күз-кыш мезгилине даярдык көрүү этабына өтөт.
Пландалган иш-чаралардын алкагында негизги жана көмөкчү жабдууларды учурдагы жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, ошондой эле агрегаттардын техникалык абалынын кемчиликтерин аныктоо каралган.
Жабдуулардын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, авариялык тобокелдиктерди азайтууга жана кыш мезгилиндеги жогорку жүктөм шартында станциянын туруктуу иштешин камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулат⠀
Ошондой эле, отунду камдыган жана материалдык-техникалык ресурстарды түзүү иштери жүргүзүлүүдө.
Бардык даярдык иш-чаралары бекитилген графикке ылайык жүргүзүлөт.
