Ак-Буура дарыясынын корук аймагын ээлеп алган экс-чиновниктердин курулуштары буздуруулууда
Ош шаарынын Ак-Буура дарыясынын корук аймагын бошотуу иштери жүрүүдө, деп кабарлайт мэриянын маалымат кызматы.
Маалыматка караганда, бүгүнкү бузуу иштеринин алкагында бир катар жогорку кызмат орундарында иштеп жүргөн адамдарга тиешелүү болгон курулуштар алынып жатат.
Алар:
- Эрдент тиш дарылоо клиникасы – Ош шаардык жана Жалал-Абад шаардык салык кызматынын мурдагы жетекчиси, өмүр бою салык кызматында иштеген Эрмек Чоюновго таандык.
- Байсан рестораны – Жогорку Кеңештин экс-төрагасы жана депутаты, учурунда Социалдык фонддун тѳрагасы, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы, Финаны министринин орун басары болуп турган Ахматбек Келдибековго караштуу.
- Автомектептин имараты – Жогорку Кеңештин буга чейинки бир нече чакырылышынын депутаты, ЖКнын экс-төрагасы Асылбек Жээнбековго тиешелүү. Белгилей кетсек ал мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы.
- Жетиген рестораны, эс алуучу жай – кезегинде Ош шаарынын вице-мэри, КРнын Акыйкатчысы, Америкадагы Кыргызстандагы элчиси болуп иштеген Бактыбек Аманбаевге жана анын бир тууганы экс-депутат Урмат Аманбаевага таандык болгон.
Эскерте кетсек, Жеңишбек Токторбаев мэр болуп келгенден тарта Ак-Бууранын жээгин, каналдардын айланасын бошотуу тапшырмасын коюп келет.
Мэриядан кошумчалашкандай, учурда бул багыттагы иштер колго алынып, мыйзам алдында бары бирдей каралып жатат.
