Алай районунда кездеме жүктөлгөн фура өрттөнүп кетти
29 июль

Алай районунда кездеме жүктөлгөн фура өрттөнүп кетти

Ош облусуна караштуу Алай районунда кездеме жүктөп бараткан КамАЗ өрттөнүп кетти. 

Окуя 28-июлда кечкисин Ош-Эркечтам унаа жолунун 108-109-чакырымында Мазар-Булак айылында болгон. 

Күбөлөрдүн айтымында, жолдо бараткан айдоочулар жардамга келип, кездеменин жарымын сактап калууга үлгүрүшкөн. 

ӨКМден кабарлашкандай, өрт саат 19:15те чектөөгө алынып, 29-июлга караган түнү саат 00:10да толугу менен өчүрүлгөн. 

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген чыгым эсептелүүдө.