Ош шаарында куруучулар сыйланды
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 4-августта курулуш тармагында эмгектенген кесип ээлерин Куруучулардын күнү менен куттуктады.
“Куруучулук – шаарды өнүктүрүүнүн өзөгү. Ош шаарында соңку убакта курулуш тармагында олуттуу өзгөрүүлөр болуп, инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып жатат. Сиздердин салымыңыздар менен жаңы имараттар, социалдык объектилер, жолдор курулуп, шаарыбыз көркүнө чыгууда. Сиздерге чың ден соолук, ийгилик жана курулган ар бир объектиңиздер бекем, узак жылдар кызмат кылышын каалайм”, – деп белгиледи шаар мэри.
Калаа башчы учурда 35 көчөдө асфальт басылып жатканын белгилеп, Ош шаарын өнүктүрүүгө багытталган бардык сунуштарга ачык экенин кошумчалады.
Ошондой эле жигердүү аракеттери менен айырмаланган кесип ээлерине мэриянын Ардак грамоталарын, ыраазычылык баракчаларын тапшырды.
Эскерте кетсек, 2-август расмий түрдө Куруучулар күнү деп бекитилген.
