15 млн сомдук алдамчылыкка шектелген адам АКШдан Бишкекке экстрадицияланды
6 июль

15 млн сомдук алдамчылыкка шектелген адам АКШдан Бишкекке экстрадицияланды

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Америка Кошмо Штаттарынын компетенттүү органдары менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнүн жыйынтыгында, эл аралык издөөдө жүргөн алдамчылыктын бир нече эпизодун жасоого айыпталган А.А. Кыргыз Республикасына алынып келинип, тергөө абагына киргизилди.

Кыргыз Республикасынын жараны А.А. жарандардын ишенимине кирүү жолу менен алардын мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алып, жалпысынан 15 миллион сомдон ашык өлчөмдө материалдык зыян келтирген.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жабырлануучулардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле тергөөдөн жана соттон жашырынып жүргөн адамдардын жазык жоопкерчилигинен кутулуп кетүүсүнө жол бербөөгө багытталган иштерди ырааттуу жүргүзүүдө.