Кыргызстандын бийик тоолуу аймактарында дээрлик 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон жөлөкпул алууда
21 август

Кыргызстандын бийик тоолуу аймактарында дээрлик 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон жөлөкпул алууда

Кыргызстанда бийик тоолуу жана алыскы аймактардын тургундары үчүн жаңы киргизилген ай сайынкы жөлөкпулду 29,6 миң бала алууда.

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коллегиясында айтылды.

Аталган жөлөкпул 2026-жылдын январь айынан тартып киргизилген.

Ай сайын 3 миң сом өлчөмүндө берилүүчү жөлөкпул бийик тоолуу жана алыскы аймактарда, ошондой эле өзгөчө статуска ээ айрым чек арага жакын аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн үчүнчү жана андан кийинки балдарына төрөлгөндөн тартып үч жашка толгонго чейин дайындалат.

Жөлөкпулду дайындоодо үй-бүлөнүн материалдык абалы эске алынбайт.

1-июлга карата жөлөкпулду 29,6 миң бала алып жаткан.

Жалпысынан Кыргызстандын бийик тоолуу аймактарынын тизмесине 430 айыл жана башка калктуу конуш киргизилген.